• 88.68
  • 95
  • 0.95

30-январга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 30-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -4...+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл облусунда-1...+4, Нарын облусунда -3...-8 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы -1...+3 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий