• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто спорт шаарчасында шарттар жакшырат

Аймак 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Сай-Бою көчөсүнүн боюнда жайгашкан бир катар спорттук мекемелерге барды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мында шаар башчысы жаңыдан курулушу жүрүп жаткан муниципалдык күрөш залын көрүп, андан ары «Дельфин» бассейнин, А.Сүйүмбаев атындагы борбордук стадионун, Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.

Жетигенов жеринде тиешелүү кызматтарга шаардын спорт тармагын өнүктүрүү максатында «Дельфин» бассейнинин үстүн жаап төрт мезгил иштетүү, кошумча спорттук залдарды куруу, футбол аянтчаларын оңдоп-түзөө боюнча жаңы долбоорлорду даярдоо, спорттук мекемелердин айланасына мыйзамсыз салынган курулуштардын аймактарын тактап, муниципалдык менчикке кайтаруу иштерин баштоо боюнча жеринде тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий