• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Жалал-Абадда токойлордун жоголушунун алдын алуу үчүн 94 гектарга жаңы көчөттөр отургузулду

Аймак 0

Ош, 13.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы жана Каракөл токой чарбаларынын аймагында грек жаңгагы, мисте жана бадам бактарынын жаңы көчөттөрү 94 гектар жерге отургузулду.

Токойлорду калыбына келтирүү ишинин бир катар артыкчылыктары бар. Алар – жаратылыштын ар түрдүүлүгүн жогорулатуу, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана экономикалык пайда алуу. Токойлордун жоголушу ак илбирстердин санынын азайышына алып келиши мүмкүн, анткени анын тамагы болуп саналган ача туяктуу жаныбарлардын саны азаят.

Токойлорду калыбына келтирүү иштерине Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасы тарабынан техникалык жардам көрсөтүлгөн. Андан тышкары токой чарбаларына жаңы отургузулган токойлордун четин тосуу үчүн атайын шаймандар берилген.

Пикир

Оставить комментарий