• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жети-Өгүз районунда муктаж болгон 30 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Аймак 0

Бишкек, 18.04.22. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулунун демилгеси менен райондогу муктаж 30 үй-бүлөгө 75 миң сомдук тамак-аш азыктары жардам катарында таратылды. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүү иш-чарасы Ас-Салам фондусунун колдоосу менен ишке ашты.

«Ар бир үй-бүлөгө 2500 сомдун тамак-аш азыктары берилди. Бул үй-бүлөлөр чындыгында жардамга муктаж. Демилгени колдогон Ас-Салам фондуна ыраазычылык билдирем”, - деди Талантбек Акылбек уулу.

Пикир

Оставить комментарий