• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарынын туристтик инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштер башталууда

Аймак 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) «Ош шаарын жана Ош облусун региондук экономикалык өнүктүрүү» долбоору боюнча координатору Айбек Кадыров жетектеген адистердин тобунун катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү. Жыйында шаардык мэриянын, шаардык архитектура, капиталдык курулуш, муниципалдык менчик жана маданият башкармалыктарынын тийиштүү адистеринин катышуусунда долбоорду ишке ашыруу планы талкууланып, курулуш жүрүүчү участкаларды даярдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, бул ири долбоор Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган. 2020-жылдын 18-декабрында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов долбоорду аткаруучу болуп дайындалган Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол койгон.

Долбоордун алкагында Ак-Буура дарыясынын Нурматов көчөсүнөн борбордук базарга чейинки эки жээгин жакшыртуу, борбордук базар, Сулайман-Тоо музей комплексин реконструкциялоо сыяктуу жана башка шаардагы туристтик инфраструктураны жана тарыхый жайларды жакшыртуу боюнча иштер аткарылат.

Пикир

Оставить комментарий