• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

364 адам КР жарандыгынан чыгарылып, 331 адам кабыл алынды - Жарлыкка президент кол койду

Президент 0

Бишкек, 21.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 331 адамды кабыл алуу жөнүндө (анын ичинен 286 — чоң адамдар жана 45 — балдар), алардын баардыгы тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

1 Жарлыгы 364 адамды (анын ичинен 305 — чоң адамдар жана 59 — балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Пикир

Оставить комментарий