• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

4-декабрга карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 4-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык бүгүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, Түп районунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +8...+13, Талас облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көл облусунда +5...+10, Нарын облусунда +4...+9 градус болот.

Бишкек шаарында абанын табы +11...+13 градуска чейин көтөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий