• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-америка экономикалык алакасы. АКШнын КРдагы элчиси менен маек

Коом 0

Бишкекте 2019-жылдын 10-11-октябрь күндөрү кыргыз-америкалык бизнес-форуму өтөт. Форумдун негизги максаты - Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү менен АКШлык ишкерлерди жакындан тааныштыруу жана эки тараптуу бизнес-чөйрө өкүлдөрү ортосунда өз ара пайдалуу байланыштарды түзүү болуп саналат.

"International Franchise and Trade" иш-чарасын утурлай АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин айрым суроолоруна жооп берди.

-Лу мырза, Кыргызстанга жасалган инвестициялар тууралуу айтып берсеңиз. Америка тарапты экономиканын кайсыл тармагы кызыктырышы мүмкүн?

-Менимче, америкалык компаниялар Кыргызстандагы жана Борбор-Азия өлкөлөрүндөгү рыноктун көптөгөн тармагына чоң көңүл бура баштады. Ага өз кезегинде белгилүү америкалык ресторан, мейманкага жана алдыңкы компаниялар көмөк болууда. Алсак, General Electric, John Deere, жана Caterpillar. Борбордук Азияда иштеп жаткан компаниялардын арасында экономиканын жана керектөөчүлөр базасынын аз экендигине карабастан, Кыргыз Республикасы региондо бир катар маанилүү артыкчылыктарга ээ деген туруктуу консенсус бар. Алар: чет өлкөлүк инвесторлорго жана өнөктөштөргө болгон салыштырмалуу либералдык жана достук мамиле, батыштын азыктарына, кызматтарына жана инновациялык идеяларына суусап турган калк.

-Кыргызстанга инвестиция тартууга кыргыз-америкалык форум канчалык деңгээлде таасир этиши мүмкүн? Инвестициянын көлөмү кандай болот? Кайсы тармакка багытталат?

Баса белгилеп кетүүчү жагдай, Кыргызстанга инвестиция тартуунун негизги кыйынчылыгы болуп КМШ өлкөлөрдөн башка жана чектеш мамлекеттердин инвесторлоруна "тобокелдүү" коркунучу жаралууда. Бул өлкөнүн Борбордук Азиядан өзгөчөлүгү бизнес тармагын тартып жана дүйнөлүк бизнес тенденциялар менен шайкеш келет. Бирок, мурункудай бизнести жергиликтүү деңгээлден дүйнөлүк деңгээлдеги стандарттарга чыгаруу керектелет. Эл аралык стандарттардын талабы - тактык, ачыктык жана башкаруу системасын жакшыртуу болуп эсептелет. Аталган стандарттарды америкалык же башка эл аралык компаниялар менен бизнес тармагында иштегенде сакташ керек. Соода боюнча эл аралык көргөзмөдө атап өткөн стандарттарды кыргыз бизнес коомчулугуна маалымдоо жана жергиликтүү бизнестердин иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

-АКШ өлкөсүндө да ушул сымал форум өткөрүлүү пландалуудабы?

─ Мындай форумду өткөрүү жоопкерчилигин Вашингтондогу Кыргызстандын элчилиги моюнга алса болот. Биз, албетте мындай демилгени колдойт элек. Америкалык аудиторияга Кыргызстандын бизнес жаатын көрсөтүү менен биздин Бишкектеги кылып жаткан иштерибизди жеңилдетет эле. Биз Эл аралык соода көргөзмөсүн алгачкылардан болуп Бишкекте өткөрүүнү чечтик. Дүйнөлүк бизнес коомчулугунун көңүлүн Кыргызстанга буруу менен ал өлкөнүн инвестиция тармагы өнүгүп жатканын көрсөтүү болду. Көргөзмө жергиликтүү ишкерлерге жана кичи, орто бизнестин өкүлдөрүнө эл аралык инвесторлорду издөөдө жаралган тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. АКШнын элчилиги өлкөдө инвестиция тармагын өнүктүрүү үчүн бизнес коомчулугу жана Кыргызстандын өкмөтү менен кызматташтыкты уланта берет. 2019-жылдагы ар түрдүү сооданы өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана дүйнө жүзү боюнча өнөктөш өлкөлөр менен соода мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган.

Маегиңиз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Пикир

Оставить комментарий