• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

4-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 31-декабрдан 4-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда күндүз жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-4-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда жана 1-2-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-4-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-4-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

31-декабрда жана 1-2-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз жана 2-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-январда күндүз жана 3-4-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-3-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январда күндүз Каракол шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт.

2-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

3-4-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

31-декабрда жана 1-4 январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий