• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Бишкек" эркин экономикалык аймагы жаңы логотибин бекитти

Коом 0

Бишкек, 10.12.20. /Кабар/. “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги ишкананын жаңы логотибин бекитти. Бул тууралуу “Бишкек” ЭЭАдан билдиришти.

“Биздин команда эркин экономикалык аймактын келечек потенциалын жана эл аралык байланыштарга, инвестициялык багытына, ошондой эле атамекендик продукциялардын экспортко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, заманбап логотип менен ишмердик жүргүзүү чечимине келгенбиз”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, бул үчүн кыргызстандык дизайнерлер арасында “Бишкек” ЭЭАсынын логотиби боюнча конкурс уюштурулуп, жыйынтыгында үч мыкты эмгек тандап алынды жана анын арасынан Нарынбек Султангазиев тарабынан иштелип чыккан логотип ишкананын мындан аркы логотиби-эн белгиси катары кабыл алынды.

Жаңы логотип чокуларына түндүктүн белгиси түшүрүлгөн үч тоо кыркасынан жана тоо боорун бойлой аккан сууну элестеткен толкундуу сызыктан турат. Бул албетте, Кыргызстан географиялык өзгөчөлүгүн, ак мөңгүлүү, толуу өлкө экенин, өз түндүгү өз колундагы эгемен өлкө экендигин, тоолор менен кошо бышыкчылыктуу талаалар бар экендигин чагылдырат.

Ошону менен катар эле тоонун үч чокусу-“Бишкек” ЭЭАсынын үч бөлүгү - Акчий, Улуттук Көргөзмө Борбору жана Кара-Балта эркин зонасын туюндурса, солдон оңго, төмөндөн жогоруга карай кеткен толкундуу сызыкча-туруктуу өнүгүүнү, ишканын жылдан-жылга кирешеси арбып бара жатканынын чечмелениши.

Калган эки сыйлыкка Исраил уулу Камил жана Бекмурзаев Шерзат ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий