• 88.68
  • 95
  • 0.95

5 айда "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына 1,1 млрд сом бөлүндү

Экономика 0

Бишкек, 19.06.23. /Кабар/. 2023-жылга республикалык бюджеттен "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого "Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар" беренеси боюнча 1,6 млрд сом каралган.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, бул каражат "Кыргызжылуулукэнерго" ишканасынын жылуулук менен камсыздоодо жоготууларынын ордун толтуруу үчүн каралган. 2023-жылдын 15-июнуна карата 1,1 млрд сом суммасында чыгашалар каржыланып, бекитилген каражаттын 70,5%ын түздү.

Ал эми 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына 760 млн сом бөлүнгөн болсо, быйыл өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 347 млн сомго көп каржыланды.

Бюджеттик мыйзамдарга ылайык, которулган каражаттарды андан ары бөлүштүрүү аталган ишканага жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий