• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

5 жолу операция кылдырган...Маникюр жасаткан кыз сөөмөйүнөн айрылды

Дүйнө 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Австралиянын Мельбурн шаарынын тургуну Стелла Фальконе тырмактарына маникюр жасаткандан кийин даарыгерлер сөөмөйүнүн бир муунун алып салууга аргасыз болушкан. Бул тууралуу Lenta.ru порталы Daily Mail басылмасына шилтеме жасап жазат.

Бийкеч колдорунун тырмактарына маникюр жасаткан учурда инфекция жузугуп алган. Кыз ооруканага кайрылып, алты күндүн ичинде беш операцияны башынан өткөргөн. Бирок дарыгерлер сөөмөйүнүн баш жагын кесип салууга аргасыз болушкан.

Бул жагымсыз окуядан кийин жүздөгөн айымдар маникюр жасатып жаткан учурда инфекция жугузуп алгандыктары тууралуу айтып чыгышкан.

“Жакшы тазаланбаган аспаптардан мага инфекция жугуп, сөөмөйүмдүн бир муунун алдырганга туура келди”,- дейт Стелла Фальконе.

Ал эми сулуулук салондун ээси муну "ойдон чыгарылган жалган окуя" деп атаган.

Пикир

Оставить комментарий