• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

6-декабрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/.Кыргызгидромет борбору 6-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +5...+10 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8...+13 градус, Ысык-Көл облусунда +3...+8, Нарын облусунда -4...+1 градус болору күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы +6...+8 градуска чейин жетет.



Пикир

Оставить комментарий