• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө экзамен жана лицензия берүүнүн мөөнөттөрү аныкталды

Коом 0

Бишкек, 09.02.24. /Кабар/. Юстиция министрлиги жеке нотариалдык иш-аракеттерди жүргүзүүгө экзамен жүргүзүү жана лицензия берүүнүн мөөнөттөрү аныкталгандыгын билдирет.

Ведомствонун маалыматка ылайык, 29-январда Юстиция министрлигинин алдындагы нотариаттык иштин маселелери боюнча Квалификациялык комиссиянын кезектеги отуруму өтүп, анда жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга квалификациялык экзамен тапшырууга 2022-жылдын майынан баштап 2024-жылдын 10-январына чейин талапкерлерден түшкөн арыздары каралды. Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык тестирлѳѳгѳ киргизүү же киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер кабыл алынган.

Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн квалификациялык тестирлѳѳгѳ кирүүгө уруксат алган жарандар үчүн тестирлѳѳ 2024-жылдын 27, 28, 29-февралында жана 1-мартында саат 9:00дѳн 18:00гө чейин өткөрүлөт (жарандардын тизмеси жана экзамендердин датасы менен шилтемеден таанышууга болот).

Тестирлѳѳ жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдар үчүн квалификациялык тестирлѳѳнү өткөрүү тартибине ылайык, 120 суроодон турган Компьютерлик тестирлөө формасында өткөрүлөт. 84 жана андан көп суроолорго туура жооп бергендер квалификациялык тестирлѳѳнү берген болуп эсептелишет.

Квалификациялык тестирлѳѳнү ийгиликтүү тапшырган адамга Квалификациялык комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде Юстиция министрлиги тарабынан жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия берилет. Квалификациялык тестирлѳѳдѳн өтпөй калган талапкер, аны кайталап тапшырууга алты айдан кийин гана уруксат берилет.

Кошумча маалыматты комиссиянынын катчысынан 0312 62-62-10 (+191) байланыш телефон номеринен алсаңыз болот.

Пикир

Оставить комментарий