• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

600 га жаңы сугат жер колдонууга берилип, 2000 га жер суу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. «Ирригация программасы ишке аша баштады. Дээрлик 600 гектар жаңы сугат жер колдонууга берилди жана 2000 гектардан ашык жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылды», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Мамлекет башчысы белгилегендей, программага ылайык 2026-жылга чейин 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш орду түзүлөт.

Программаны ишке ашырууда долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 14 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Ага Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген. Экинчи топко кирген 17 объекти инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды.

«Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 259 млн. доллар болгон, башкача айтканда 18 млрд. сом суммасында каржыланган 31 суу-чарба объектилери ишке берилет. Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 15 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат», — деп белгиледи президент.

Пикир

Оставить комментарий