• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына карата уюштурулган сынактын жыйынтыгы чыгарылды

Маданият 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Маданият маалымат жана туризм министрлиги 7-апрель Элдик революция күнүнүн 10 жылдыгына карата өткөрүлгөн кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлады.

Сыйлоо аземи министрликтин жыйындар залында өтүп, ага маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана министрликтин алдындагы Улуттук маданий борбордун башкы директору Жумакадыр Курманалиев катышкан.

Эске сала кетсек, жыл башында 7-апрель Элдик революция күнүнүн 10 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан “Реквием жазуу”, “Логотип иштеп чыгуу”, “Мыкты драматургия”, “Видеоролик тартуу” жана “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” аттуу поэзия сынактары жарыяланган.

Ар бир жеңүүчүгө акчалай сыйлык жана дипломдор берилген.

Жеңүүчүлөрдү тизмеси:

Реквием жазуу сынагы:

I орун
- Алишеров Бакыт - 75 000 сом;
- Урманбектов Кыялбек - 25 000 сом.

II орун
- Айтикеев Совхозбек - 52 500 сом.

III орун
- Мээрканов Эркин - 37 500 сом;
- Урманбетов Кыялбек - 12 500 сом.

Логотип иштеп чыгуу сынагы:
I орун
- Жамурзаев Жанышбек - 50 000 сом.

"Мыкты драматургия сынагы:

- Тынаалы кызы Нурзада - 50 000 сом;
- Бакыбаева Линара - 50 000 сом;
- Алексей Торг - 50 000 сом.

"Видеоролик тартуу" сынагы:

I орун
- Кулиев Нурлан - 50 000 сом;
- Уланбеков Сагынбек - 50 000сом.

II орун
- Жангазиев Батыргазы - 40 000сом;
- Жакыпов Токтосун - 40 000сом.

III орун
- Мураталиева Гульзар - 30 000 сом;
- Тагаева Жылдыз - 30 000 сом.

“Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга” поэзия сынагы:

I орун
- Орозалиева Чолпон - 25 000 сом;
- Мамбетисаев Болот - 25 000 сом.

II орун
- Сыдыкова Аида - 20 000 сом;
- Гулматов Эламан - 20 000 сом.

III орун

- Жолдошбек уулу Бектур - 10 000 сом;
- Арыкбаев Бекназар - 10 000 сом;
- Нурлан кызы Бегайым - 10 000 сом;
- Маматисаев Сакчыбек - 10 000 сом.

Андан тышкары Айтымбетова Мырзайым, Мирлан уулу Карабин, Торомырзаев Мирлан, Нусубалиев Умар, Эсеналиева Бермет, Кубанычбекова Алия, Раимкулов Кудайберген, Манкушова Нускат, Жамгырчиев Бердибек жана Акматов Баян кызыктыруучу сыйлыктарга ээ болуп, алардын ар бири 5 000 сомдон акчалай сыйлык алышкан.

Пикир

Оставить комментарий