• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Пакистандан Бишкекке 100 жаран кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-июнь күнү Пакистандан Бишкекке 100 жаран кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандык жарандар “Исламабад-Бишкек-Исламабад” каттамы боюнча “Pakistan International Airlines” авиакомпаниясынын учагы менен учуп келишкен.

“Бул каттам Пакистан тарап менен биргеликте Кыргызстандын Пакистандагы жана Пакистандын Кыргызстандагы жарандарын мекенине кайтаруу үчүн уюштурулду” – деп билдиришти министрликтен.

Келген жарандардын баары тиешелүү тартипте обсервацияга алынган.

Пикир

Оставить комментарий