• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

7-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Эртең, 7-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда биз аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мтерден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаашы ыктымал, күндүзү болсо жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4 градус, күндүз 1…3 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий