• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү болушту

Коом 0

Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Кыргыз басмаканалары Москвада өткөн "Китеп искусствосу" эл аралык сынагында жеңүүчү болушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жеңүүчүлөр менен жолугуп, эл аралык сынакта алган сыйлыктарын тапшырып, жеңүүчүлөрдүн ишине ийгилик каалады.

Белгилесек, 2023-жылдын аягында Россиянын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлиги ХХ Эл аралык "Китеп искусствосу" сынагын өткөргөн. Сынакка КМШга мүчө мамлекеттерден 49 басылма сунуш кылынган.

Кыргызстандан катышкан басмаканалардын ичинен "Евразия элдеринин айтуучулары" аттуу китеби үчүн "Турар" басмасы "Диалог культур" номинациясы боюнча I даражадагы диплом, "Аңгемелер, КМШ өлкөлөрүнүн азыркы адабиятынын антологиясы" китеби үчүн "Улуу Тоолор" басмасы "Шериктештик" номинациясы боюнча I даражадагы диплом менен сыйланган.

Ал эми "AG 5P" басмасы Д.Ухинанын "ХХ кылымдагы сүрөтчүлөрдүн иштериндеги Кыргызстандын искусствосу: живопись, графика, скульптура, керамика" китеп каталогу үчүн "Арт-китеп" номинациясы боюнча II даражадагы дипломуна, "St.Art Ltd" басмасы А.Козубекованын "Шахмат дүйнөсү" китеби үчүн "Балдар жана өспүрүмдөр үчүн китептер" номинациясы боюнча III даражадагы дипломуна татыктуу болгон.

Пикир

Оставить комментарий