• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Орточо баасы 3 млн сом. Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдүн биринен газ баллондорун алып өтүүгө аракет кылышкан

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.01.24. /Кабар/. Талас облусунда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу эсепке алынбаган жүктү Кыргызстандын аймагына алып өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

VOLVO маркасындагы жүк ташуучу унаанын айдоочусу "Чоң-Капка-автожол” көзөмөл өткөрүү жайына келип, чек арачыларга 500 даана эсебиндеги бош газ баллонго жол баракчасын көрсөткөн.

Бирок документте көрсөтүлгөн маалыматтын айкын экендиги чек ара кезметине шек жаратып, атайын текшерүү жүргүзүү учурунда 1 105 бош газ баллон бар экендиги, анын ичинен 605 жол баракчасында көрсөтүлбөгөндүгү аныкталган.

"Унаанын айдоочусу 55 жаштагы М.А., аттуу Кыргызстандын жараны ЕАЭБ ички чек арасында жүктөрдү жана товарларды ташуунун эрежелерин бузуу менен жүктү Казакстандан Кыргызстанга алып кирүүгө аракет кылган", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, жол баракчасында көрсөтүлбөгөн 605 даана газ баллондун орточо базар баасы 3 млн 25 миң сомду түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган айдоочу жана жүк андан аркы териштирүү иштери үчүн УКМК аймактык тарамынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий