• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

70 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул берилүүдөбү? Социалдык өнүгүү министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 06.12.18. /Кабар/. КРнын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги WhatsApp тиркемеси аркылуу жөлөкпулга байланыштуу тараган маалыматты төгүндөдү.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ, 5-декабрда кечинде "Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 1991-жылдан 2018-жыл аралыгында иштегендерге 70 миң сом өлчөмүндө жөлөкпул төлөп берет", - деген маалымат тараган.

"Жарандар бул жалган маалыматты бири-бирине активдүү түрдө жөнөтө башташкан. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги бул маалымат жалган экендигин жана чындыкка дал келбей тургандыгын расмий түрдө билдирет. Ага байланыштуу министрлик интернет түйүндөрү аркылуу тараган маалыматка ишенбөө керектигин жарандардан суранат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий