• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

8 күндө 50 миң адам жол эрежесин бузуу боюнча айыптарды сайттан текшерген

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. 8 күндө 50 миң адам жол эрежесин бузуу боюнча айыптарды текшерген. Бул тууралуу “Инфокомдун” басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматына ылайык, “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген күнү Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук кызматтар Порталында айыптарды текшерүү кызматы иштеп баштаган. Ал жерде текшерүү үчүн ПИН, юридикалык жактын жеке номурун же унаанын мамлекеттик номурларын терүү керек.

Ошондой эле, portal.srs.kg сайтынын “транспорт” бөлүмүндө унаа кимге катталгандыгы тууралуу маалыматты 10 миң адам текшерген. Андан тышкары ишеним кат аркылуу унааны жана аны башкарган адамдарды издөө жайында 1 миң 200 адам өз жарыясын жайгаштырган.

Эске сала кетсек, айдоочулар үчүн “Айып маалымат KG” аттуу атайын уюлдук телефондор үчүн тиркеме түзүлгөн. Ал тиркеме аркылуу онлайн режиминде айыптар тууралуу маалыматтарды алууга болот. 5 күндүн ичинде 35 миң адам бул тиркемени өздөрүнө жүктөп алган.

Пикир

Оставить комментарий