• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Эртең, 9-июлда республиканын айрым аймактарында күн ысык болот, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 21…26, күндүз 34…39 градус, Талас облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37 градус ысык болот.

Ал эми Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34 градус, Нарын облусунда абанын табы түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32 градуска чейин ысышы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 22…27, күндүз 36…41 градуска чейин ысыйт.

Бишкек шаарында 9-июлда абанын температурасы түнкүсүн 24…26, күндүз 37…39 градуска чейин ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий