• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

9-майда Бишкекте аскердик парад болбойт

Коом 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында 9-майда аскердик парад болбойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

Иш-чарага согуш жана эмгек ардагерлери, чет мамлекеттердин аскердик-дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, шаар тургундары жана коноктору катышат.

Пикир

Оставить комментарий