• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаевдин төрагалыгы алдында ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу өтүп жатат

Саясат 0

Бишкек, 14-апрель /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бейформал жолугушуусу өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргыз Республика Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Армения Президенти Серж Саргсян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, ошондой эле Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон катышууда.

Жыйынды ачкан Алмазбек Атамбаев дүйнөдө кырдаал тездик менен өзгөрүп жатканын, күч-аракеттерди бириктирүү, коопсуздукка салттуу жана жаңы коркунучтар менен сыноолорго каршы алдын ала чараларды кабыл алуу зарылдыгын белгиледи. «Ошондуктан бүгүнкү биздин бейформал кеӊешүүбүз абдан керек болду», - деди Кыргыз Республикасынын Президенти.

Андан ары жыйын жабык форматта уланды.

Пикир

Оставить комментарий