• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Салянованын кылмыш ишин Биринчи Май райондук соту Ленин сотуна өткөрдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 29-май /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. ЖК депутаты, мурдагы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Саляновага карата кылмыш ишин Биринчи Май райондук соту Ленин сотуна өткөрдү.

Эскерте кетсек, кылмыш иши 2016-жылы 26-декабрда козголгон. Ал Юстиция министрлигинин башчысы болуп турганда, 2010-жылдагы революциядан кийин издөөдө жүргөн Алексей Елисеевге жактоочулук лицензияны мыйзамсыз узарткандыгы үчүн айыпталууда.

Бүгүн биринчи жыйындын жүрүшүндө А.Салянованын жактоочусу Чынара Жакыпбекова кылмыш ишин Биринчи Май эмес, Ленин райондук сотунун кароосу тууралуу өтүнмө менен кайрылды.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, иш кылмыш болгон деген жерде, тактап айтканда, Юстиция министрлигинин имараты жайгашкан аймакта каралышы керек.

Өз кезегинде айып тагуучу прокурор Нурлан Тагаев кылмыш иши УКМК тарабынан каралып, Биринчи Май райондук сотунда жыйынтыкталгандыгын билдирип, нааразы болду.

Бирок сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырды.

Пикир

Оставить комментарий