• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайы: Бүгүн тоолуу райондордо суук болушу күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.11.17./Кабар/. Кыргызгидрометтин билдиришкендей, бүгүн, 28-ноябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -5…-10°, күндүз 0…-5° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15… -20°, күндүз -3…-8° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25…-30°, күндүз -7…-12° суук болушу күтүлөт.

Ошондой эле жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 28-29-ноябрь күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-246-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл так сакталышы зарыл!

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КР ӨКМи тарабынан 2017-жылдын 25-ноябрында №02-34/846-Ттелефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилип, уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий