• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аба ырайы: Эртең күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 20.02.18. /Кабар/. Эртең, 21-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;

Талас облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;

Нарын облусунда түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6;

​Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүзү 2…4°.

Пикир

Оставить комментарий