• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бүгүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий