• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Байсалов: "40 райондон – 40 демилге" долбоорунун бюджети кеңейтилет

Коом 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстандагы "40 райондон – 40 демилге" долбоорунун бюджети кеңейтилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган долбоордун жыйынтыктоочу отурумунда жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырып жатып билдирди.

Байсаловдун пикиринде, долбоорго катышкан ар бир идея колдоого аларлык.

"Бирок, документте 8 долбоорго чейин деп жазылып калгандыктан, аны аттап өтүү мүмкүн эмес. Келерки жылдары 12 долбоорго чейин каржылоо боюнча сунуш киргизилет", - деди ал.

Кыргызпатенттен билдиришкендей, “40 райондон 40 демилге” долбоору 2022-жылдан бери ишке ашып келет. Анда эң мыкты 8 долбоор калыстар тобу тарабынан тандалып, 1 миллион сомго чейин каржылык колдоо көрсөтүлөт.

Быйыл долбоорго катышуу үчүн 245 өтүнмө-арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 34 долбоорго артыкчылык берилип, акселерациядан өткөн. Бирок, айрым катышуучулар өз ыктыяры менен арызын кайтарып алып, башкаларга жол бошоткон.

"Күн мурун 20 инновациялык долбоор, 8 стартап калыстар тобуна өз долбоору тууралуу айтып, суроолорго жооп беришти. Андан соң калыстар тобунун чечими менен 4 инновациялык долбоор, 4 стартап тандалып алынды", - деп билдиришти Кыргызпатенттен.

Пикир

Оставить комментарий