• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык бажычылар РФ күч түзүмдөрүнө жашыруун фабриканы аныктоого жардам берди

Коом 0


Бишкек, 25.08.23. /Кабар/. Кыргызстандык бажычылар Россиянын күч түзүмдөрүнө жашыруун фабриканы аныктоого жардам берди. Бул тууралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

МБКнын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 6-башкы башкармалыгы Россиянын күч түзүмдөрү менен биргеликте жашыруун фабрикада контрафакттык тамеки буюмдарын жасоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топту аныктады. Иш атайын операциянын алкагында жүргүзүлдү.

Жеринде жасалма белорус акциздик маркалары менен 2,4 млн даана Dove, Корона, Мас, Kalipso тамекилери, 8 тонна чийки тамеки жана даяр тамеки буюмдарын таңгактоо үчүн басма продукциялары алынган. Контрафакттык продукцияны Россиянын Краснодар аймагына, Москва жана Ростов облустарынын базарларында жана соода түйүндөрүндө сатуу пландаштырылган.

Операция жүргүзүү учурунда жашыруун цехте Тажикстан менен Өзбекстандын 12 жараны иштесе, алардын 10у мыйзамсыз мигранттар болуп чыккан. Уюштуруучу менен анын шеригине карата кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий