• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аба ырайына байланыштуу Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Аба ырайына байланыштуу Ош-Бишкек жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери азыркы учурда автобекеттерде жана Ош базарынын тегерегиндеги Бишкек шаарынан сырткары алыскы каттамга каттоочу такси кызматынын айдоочуларына түшүндүрүү жана сапарга чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Аба ырайынын катаал шартынан улам Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында кардын калың жаашынан жана жолду жапкан бороондон улам жолдор бүгүн саат 16:20дан тартып жабылып, автоунаанын баардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий