• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасындагы “Чалдыбар” бекетинде абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрүү бекетинде абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы бекеттер кадимки тартипте иштөөдө. Бүгүн саат 17:30га карата “Чалдыбар” бекетинде 30га чукул жүк ташуучу унаа токтоп турат.

“Бүгүн, 1-апрелде чек арадан унаалардын өтүүсү басаңдаган. Анын себептерин Кыргызстан жана Казакстандын чек ара өкүлдөрү иликтеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын чек ара кызматы жүк ташуучулар үчүн өткөрүү бекеттеринен өтүүдө кыргыз тараптан эч кандай чектөө киргизилбегендигин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий