• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Студенттер жана мектеп окуучулары Жогорку соттун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 24-февралда жүзгө жакын студент жана мектеп окуучулары Жогорку сотто болушту. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, студенттер жана окуучуларга Жогорку соттун аппарат кызматкерлери тарабынан экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө студенттер сот залдарын кыдырып, соттун ишмердүүлүгү жана сот системасын санариптештирүүнүн этаптары, жогорку сот органынын ролу жана мааниси менен тааныша алышты.

Ошондой эле меймандарга Жогорку сот жайгашкан имарат тууралуу маалымат берилип, объект эмне үчүн борбор калаанын тарыхый-маданий мурастарынын катарына кирери түшүндүрүлдү.

Экскурсиянын соңунда студенттер жана мектеп окуучулары Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров менен жолугушту. Студенттер сот системасы жана өз укуктарын жана милдеттерин билүүнүн маанилүүлүгү тууралуу лекциядан кийин өз суроолорун узатып, жооп алышты.

Жогорку сотто Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин, Шопоков шаарындагы Кыргыз эл аралык универсалдык колледжинин студенттери жана Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясынын Автордук окуу комплексинин окуучулары болушту.

Пикир

Оставить комментарий