• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Бишкек шаарынын 5-кичирайонунда Nissan Almera Tino үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү, 2 дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Ноокат районундагы Ноокат шаарында эки кабаттуу мал сарайдын 100 чарчы метр аянты жана 300 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Октябрь айылында эки кабаттуу сарайдын 120 чарчы метр чатыры, 100 түк саман, 100 боо жүгөрү бакалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Лейлек районундагы Тогуз-Булак айылында сарайдын 119 чарчы метр аянты жана 500 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий