• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдикарим Алимбаев Баткен облусунун активине тааныштырылды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда КР биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Абдикарим Алимбаевди Баткен облусунун активине тааныштырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктун басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Алимбаевди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына дайындоо боюнча тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Буга чейин Алимбаев Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы кызматында эмгектенген.

Ал эми буга чейин өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап турган Өмүрбек Суваналиев башка кызматка которулду.

Пикир

Оставить комментарий