• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абдикаримов “Медицина кызматкеринин статусу" тууралуу жаңы мыйзам медиктерге кандай таасир тийгизе турганын айтып берди

Ден соолук 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов “Медицина кызматкеринин статусу" тууралуу жаңы мыйзам медиктерге кандай таасир тийгизе турганын айтып берди

Анын айтымында, буга чейин медкызматкерлердин статусу жөнүндө мыйзам иштеп келген. Бирок ал жерде медиктерге өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал режиминде канча суммадагы кенемте төлөнө турганы жазылган эмес.

“Биз мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргиздик. Демилге көтөргөн депутаттар болду. Эми медкызматкерлерге кандай шартта кандай кенемте төлөнө турганы мыйзамдаштырылды”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду.

Пикир

Оставить комментарий