• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абдрахманов Түркиянын бир катар шаарларындагы диаспора өкүлдөрү менен онлайн жолукту

Саясат 0

Бишкек, 18.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Нурлан Абдрахманов 17-февралда Стамбул, Анталья, Измир жана Бурса шаарларында жайгашкан диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен видео конференция аркылуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КРнын Түркиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консул 2020-жылда аткарылган иш-чаралар боюнча жыйынтыктарды баса белгилеп, үстүбүздөгү жылга коюлган пландарды: Түркияда жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзам ченеминде коргоо, консулдук өкүлчүлүктү башка шаарларда ачуу, кеңейтүү, диаспоралык структуралар менен тутумдуу иштөө боюнча так маалымат берди.

Мындан тышкары, катышуучулар ортосунда консулдук жана социалдык маселелер боюнча суроо жана сунуштар талкууланды. Кыргыз жарандарынын Түркияда мыйзамдуу калуусу (иш визасы, убактылуу же туруктуу жашоого берилген виза) жана Кыргызстанда алдыда боло турган шайлоо процесстери боюнча пикир алмашуу болду.

Катышуучулар мындай жолугушууларды үзгүлтүксүз уюштуруп туруу керектиги чечимине келишти.

Пикир

Оставить комментарий