• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абсаттар Сыргабаев Казакстандын Ош шаарындагы консулу менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Күн мурун, 14-мартта, КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Казакстандын Ош шщаарындагы консулу Мухтар Карибай менен жолугушту.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар эки өлкө мамилелерин жакшыртууда Жалал-Абад облусунда аткарылуучу иш-чараларды талкуулашты.

Мындан сырткары, алдыда тармактардагы инвестициялык байланышты бекемдөө аракеттери колго алынары кошумчаланды.

Мухтар Карибай боордош элдердин мамилелеринде социалдык-экономикалык, маданий байланышты жандантуу, эки өлкөдө тең казак-кыргыз тилдерин жайылтуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирди.

Облус өкүлү Жалал-Абадда казак-кыргыз достугун, тыгыз кызматташтыгын жолго коюудагы көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтып, сунуш-пикирлерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий