• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусу ТИКА уюму менен кызматташуу пландарын талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун башчысынын орун басары Эрлан Сапарбаев Түркия мамлекетинин ТИКА фондунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн программалык координатору Осмон Уста менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар облустун саламаттык сактоо, билим берүү, ишкердикти өнүктүрүү, туризм жаатында кызматташуу пландарын талкуулашты. Өзгөчө чек аралаш аймактардын инфраструктурасын чыңдоо жана аймакты санариптештирүү багытында кызматташуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Эрлан Сапарбаев ТИКА уюмунун өкүлдөрүнө, Баткен облусу үчүн көрсөткөн буга чейинки колдоолору үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Баткен облусунда ТИКА уюмунун атайын өкүлчүлүгүн ачуу, координациялык кеңеш түзүү маселелери каралып, бул багытта иш алып баруучу адистердин Түркия мамлекетинде тажрыйба алмашуусу макулдашылды.

Белгилей кетсек ТИКА уюму буга чейин Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн 76 миң долларга капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн.

Пикир

Оставить комментарий