• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

15-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта, Кыргызстандын кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүйдө 4…9, Талас облусда 3…8 градус, Ысык-Көл облусунда 5…10, Нарын облусунда 3…8 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 6…11 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы ыктымал, абанын температурасы 7…9 градуска чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий