• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Тоо аянты Ноорузга карата кооздолууда

Коом 0

Бишкек, 20.03.18. /Кабар/. Нооруз-2018 майрамын белгилөөнүн алдында калаа муниципалитети борбордук Ала-Тоо аянтын салтанатка карата жасалгалоодо.

Майрамга карата “Илбирс” имараты, “Ала-Тоо” аянтынын фонтандык бөлүгү жасалат. Ошондой эле Чүй проспектиси аркылуу Абдрахманов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин сырткы жарык диоддук чырактар орнотулган, борбордук көчөлөргө бир катар куттуктоо тосмолору илинген.

Учурда “Тазалык” МИ Ала-Тоо аятына сахнаны орнотуунун үстүндө иштеп жатышат.

Эртең, 21-мартта борбордук “Ала-Тоо аятында Нооруз майрамынын урматына саат 11:00дө майрамдык иш-чара башталат.

Пикир

Оставить комментарий