• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцфонддун мурдагы төрагасынын биринчи орун басары каза болду

Коом 0

Бишкек, 23.11.22. /Кабар/. 23-ноябрда 73 жаш курагында Социалдык фонддун мурдагы төраганын биринчи орун басары Орозмат Абдыкалыков каза болду.

Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович 1950-жылы 20-июнда Ош облусунун Алай районундагы Тамбашат айылында туулган. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун инженер-механик адистиги боюнча бүтүргөн.

Орозмат Абдыкалыков эмгек жолун 1971-жылы баштап, ар кандай мамлекеттик кызматтарды аркалаган.

1999-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеген.

Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун жалпы жамааты Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыковичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын үй-булесунө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Орозмат Абдыкалыковичтин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Пикир

Оставить комментарий