• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Алматыда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда

ЕАЭБ 0

Алматы, 01.02.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) кезектеги жыйынына катышууда.

Жыйында Казахстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусиянын премьер-министри Сергей Румас, Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев катышууда.

Делегация башчылары тар форматта күн тартибинде коюлган ЕАЭБ алкагында интеграциялык кызматташуу тууралуу 15 маселенин 10 карашат.

Белгилүү болгондой, өзгөчө көңүл Бирикменин мүчөсү болгон өлкөлөр арасында соода-сатыкты кеңейтүү жана соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө бурулат. Ошондой эле ички рыноктун иштешинде тоскоолдуктарды жоюу жана экономиканын башка тармактарындагы интеграциялык потенциалды көтөрүү маселеси талкууланат.

Мындан тышкары ЕӨАК мурунку отурумдарында берилген тапшырмалардын аткарылышы да каралат.

Андан кийин жыйын кеңири форматта уланат. Отурумдун соңунда бир нече документтерге кол коюлат.

Пикир

Оставить комментарий