• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрүнүн катарына кирди

Коом 0

Бишкек, 01.02.19 /Кабар/. Эл аралык Global Finance уюмунун жаңы рейтингине ылайык, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрүнүн катарына кирди.

Акыркы рейтингинде Борбор Азиянын үч өлкөсүн 2019-жылдагы дүйнөнүн коопсуз өлкөлөрүнүн тизмесине кошкон. Казакстан тизмеде 44-орунда, Тажикстан 68-орунда, ал эми Кыргызстан 89-орунда. Өзбекстан менен Түркмөнстан бул тизмеге киргизилген эмес.

Тизмеге кирген үч өлкө коопсуздук жагынан көптөгөн өлкөлөрдөн, анын ичинде Түркия, Израиль, Индия, Россия жана башка мамлекеттерге караганда өйдө турат.

Рейтинг өлкөлөрдөгү куралдуу чыр-чатактар, жарандардын коопсуздугу үчүн коркунучтар, экономикалык өнүгүү жана табигый кырсыктарды эске алуу менен түзүлгөн.

Эң коопсуз өлкөлөрдүн башында Исландия, Швейцария, Финляндия, Португалия жана Австрия турат.

Нигерия, Эль-Сальвадор, Гватемала, Йемен жана Филиппины дүйнөдөгү кооптуу өлкөлөр деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий