• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алымбеков: Евразиялык форумда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнүгүүсү тууралуу сөз болот

ЕАЭБ 0


Бишкек. 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте 26-майда Евразиялык экономикалык форуму өтөт. Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин кафедра башчысы Кеңешбек Алымбеков алдыдагы форумда сөз болчу маселелерге токтолду.

Анын айтуусуна караганда, мындай форум Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жана ага чоң маани бериш керек. "Форумда ЕАЭБге кирген беш мамлекеттин жакынкы келечектеги өнүгүүсү тууралуу сөз болот", - деген пикирин билдирди Алымбеков.

Белгилей кетсек, эртең, 26-майда Бишкек шаарында Евразиялык экономикалык форум өтөт.

Форумдун башкы темасы – “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. Өзгөрүүлөр жана глобалдык толкундоо доорунда евразиялык интеграция экономикалык өсүш жана өнүгүү үчүн ийгиликтүү пайдубал түзөт. Белгиленген экономикалык форум муну дагы бир жолу көрсөтүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий