• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Баткен облусунун активине өкмөттүн жаңы өкүлү Мадумаровду тааныштырды

Аймак 0

Бишкек. 01.04.19 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөтүнүн Баткен облусундагы жаңы дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровду облусунун активине тааныштырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, Баткен облусу географиялык жайгашуу орду жана жаратылыш шарттарынан улам стратегиялык аймак болуп саналат, буга байланыштуу облустун жетекчилигинин алдында өзгөчө милдеттер коюлган, аны маселени терең түшүнгөн адам гана чече алат.

Премьер-министр белгилегендей, жаңы ыйгарым укуктуу өкүлдү дайындоодо анын эмгек жолу жана топтогон тажрыйбасы эске алынган.

«Акрам Мадумаров облустун эң ири району Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчынын айтымында, облустун жаңы жетекчиси социалдык көйгөйлөргө жана чек аралык кызматташуу маселелерине биринчи кезекте көңүл бурууга тийиш.

Ошондой эле премьер-министр аймактын мурдагы жетекчисинин ишине ыраазычылык билдирип, ага бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий