• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев Чүй облусунун Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кыдыруу учурунда Өкмөт башчы жаңы мектептин курулуш долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону камсыздоосун жана курулуш иштеринин сапатына өзгөчө басым коюуну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий