• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абылгазиев Чаткал районундагы социалдык объектилердин абалы менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алакагында Айгыр-Жал айылындагы мектепке чейин билим берүүчү “Нур билим” мекемесинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчыга Кара-Булак жаңы конушундагы «Нур билим» бала бакчасы 75 балага ылайыкталганы, жергиликтүү элдин өтүнүчү менен салынганы тууралуу маалыматтар берилди. Мекеменин курулуш иши 2017-жылы башталып, азыр толугу менен салынып бүткөн. Бала бакчанын курулушунун сметалык баасы 19,5 миллион сомду түзүп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган.

Учурда электр энергиясы, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча иштер аяктады, жакында эмеректерди сатып алуу боюнча тендер жарыяланат.

Премьер-министр өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча программасынын алкагында социалдык мүнөздөгү маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Өкмөт билим берүү тармагын жакшыртуу боюнча чара көрүүдө. Анткени биздин максат: билим берүү жана акылдуу балдар», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Премьер-министр Чаткал районунун Коргон-Сай айылындагы Корчубек Акназаров атындагы орто мектепке барды. 100 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушуна 17 млн сом бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө жумуштун 85 % бүткөрүлдү. Мектеп ушул жылдын сентябрь айында колдонууга берилмекчи.

Премьер-министр бөлмөлөрдү жана мектептин башка имараттарын көрүп чыкты.

Андан кийин Өкмөт башчы Чаткал дарыясында курулуп жаткан көпүрөнү көрдү. Ал Жаңы-Базар жана Чандалаш айылдарын байланыштырат. Көпүрөнү курууга 20,3 млн сом кеткен.

Премьер-министр жүргүзүлуп жаткан курулуш ишинин сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын берди. Анткени бул көпүрөнүн жакын жашаган айыл эли үчүн мааниси чоң.

Пикир

Оставить комментарий