• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпонбаев: Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккандардын саны 27 миңди түзөт

Ден соолук 0

Бишкек, 15.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда онкологиялык илдетке чалдыккандардын саны 27 миң адамды түзөт, анын ичинен 18 миңи аялдар, 2,5 миңи балдар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтуусу боюнча, өкмөттүн демилгеси менен атайын мыйзам долбоору иштелип чыккан. Ага ылайык, онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгиленген убакыттан мурда ала алат.

“Биз бул абдан жакшы демилге деп эсептейбиз. Бул онкология илдеттерин дарылоо абдан кымбат болгондугуна байланыштуу. Буга чейин калктын дары-дармектерге жетимдүүлүгү боюнча да көйгөйлөр болгон. Мындайча айтканда, бир катар дарылар алынып келип, алар белгилүү гана дарыканаларда сатылчу. Бирок, бул маселе чечилди. Биз өлкөгө алынып келинүүчү дары-дармектердин тизмесин түздүк. Тизмеге жалаң сапаттуу жана ошол дарыларды чыгарып, өздөрү да колдонгон өлкөлөрдөн чыккан дары-дармектер гана кирген”, - дейт Чолпонбаев.

Пикир

Оставить комментарий